Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:46

Өмүрбек Текебаев партиянын жыйынында өкмөттү сындады


"Ата Мекен" партиясынын шаардык конференциясы. 2020-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын шаардык конференциясы. 2020-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып, өкмөттү сындады. Текебаев өлкөдө экономика, инвестициялык, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөттү күнөөлөдү.

"Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул - коркунучтун жеткен чеги.

Өмүрбек Текебаев өкмөт түп-тамырынан жаңыланууга муктаж экенин, алдыдагы шайлоо акыйкат өтсө, бул ишке ашарын кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясынын шаардык конференциясында съезддерге делегаттарды, шаардык уюмдун төрагасын, шаардык уюмдун саясий кеңешинин мүчөлөрүн кайра шайлоо өттү. Партиянын республикалык съезди 20-мартка белгиленди.

Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG