Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

ИИМ Матраимовдорго каршы арыз боюнча: Эч кимдин макамына, байланышына карабайбыз


Кашкар Жунушалиев менен жолугушуу. Алай району.19-февраль, 2020-жыл.
Кашкар Жунушалиев менен жолугушуу. Алай району.19-февраль, 2020-жыл.

Ош шаарындагы жана облустагы кылмыштуу окуяларга кимдин катышы болбосун, баарынын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алайдын Арпа-Тектир айылынын президентке кайрылган жашоочулары менен жолукканда айтты.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, министр кылмышка тиешеси барлар жоопкерчилик тарта турганын билдирди:

- Министр бардыгы мыйзам чегинде карала тургандыгын айтты.

Ошону менен катар министр Рахманберди уулу Төлөгөн жана анын шериги Эмилбек Кимсанов кылмышка шектүү экенин, экөөнө тең издөө жарыяланганын, алар качып жүрүшкөнүн айтты.

Жунушалиев тергөө акыйкат жүрөрүн белгилеп, «эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз» деп кошумчалады.

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев 17-февралда өз арызына ылайык жумуштан убактылуу четтетилди. Буга милициянын мурдагы кызматкери, мушкер Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралда президент Сооронбай Жээнбековго «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деп кайрылганы себеп болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатат деп эсептеп, ал кайрылууларды каралоо катары баалаган.

Мушкер Төлөгөн Рахманберди уулу менен мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG