Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Дүйшөмбү: Баткен тууралуу тажик генералынын билдирүүсү - анын жеке пикири


Абдулло Навжувонов.
Абдулло Навжувонов.

18-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин басма сөз жыйынын өткөрүп, Баткен облусу тууралуу сүйлөгөн тажик генералы Абдулло Навжувоновдун сөзүнө түшүндүрмө берди. Министр «Баткен тууралуу сөз - анын жеке пикири. Анын сөзү өлкөнүн расмий пикири деп эсептелбейт» деп билдирди.

«Генерал бул сөздү расмий иш-чарада айткан жок. Ошондуктан анын сөзү өлкөнүн расмий позициясы болуп эсептелбейт. Генералдын сөзүнө тарыхчылар гана баа бере алат», - деди министр.

Абдулло Навжувонов - Тажикстандын ИИМинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы. Ал 12-февралда Хожентте өткөн басма сөз жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар тууралуу суроого «Баткен эч качан Кыргызстандын жери болгон эмес» деп жооп берген.

Кыргыз тарап буга дароо жооп кайтарып, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү генералдын сөзү чек арада жашаган эки элдин ортосундагы тынчтыкка доо кетирерин эскерткен.

Кыргыз тараптын билдирүүсүндө: «Басма сөз жыйынында чагым кыла турган билдирүүлөр жасалды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү чек арада жашаган эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирет. Бул билдирүү атайын чагым кылуу максатын көздөдү», - деп айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-февралда Тажикстандын элчиси Назирмада Ализоданы чакырып, кыргыз тарап расмий Дүйшөмбүдөн татыктуу реакция жасалышын күтөрүн жана мындан кийин буга окшогон фактылар кайталанбайт деп ишенерин билдирген.

Ага чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев «Баткен эч качан Тажикстандыкы болгон эмес жана болбойт. Бул Кыргызстандын жери» деген билдирүү тараткан.

Кыргыз-тажик чек арасы 976 чакырымдан ашык. Анын ичинен 450 чакырымы эмгиче аныктала элек. (YI)

XS
SM
MD
LG