Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Саркарбаев Рахманберди уулунун кайрылуусун «бирөөнүн кызыкчылыгы» деп атады


Кылычбек Саркарбаев.
Кылычбек Саркарбаев.

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылуусунда бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин «Азаттыкка» билдирди. Бирок Кылычбек Саркарбаев ал кимдин кызыкчылыгы экенин ачык айткан жок. Ал 15-февралда милицияга, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылганын, мэр да чакырганын кошумчалады. Саркарбаев дүйшөмбү күнү басма сөз жыйынын өткөрөт.

Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке видеокайрылуу жиберген. Анда Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын билдирип, жардам сураган.

Рахманберди уулу «Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кланынын айынан тынчтык көрбөй жатканын» белгилеген.

Президенттик аппарат бул кайрылууга азырынча жооп кайтара элек.

Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы негизсиз деп, мурдагы көрсөтмөлөрүнө дал келбей турганын билдирди.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы келаткан аптада Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси караларын маалымдады. Саркарбаев мыйзамга баш ийе турганын белгиледи.

«Азаттык» Нурбек Раимбековдон, Райымбек Матраимовдон жана алардын туугандарынан азырынча комментарий ала алган жок.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. (DU)

XS
SM
MD
LG