Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Беларустун «Динамо-Минск» клубу Кичин менен келишимди токтотту


Валерий Кичин.
Валерий Кичин.

Беларустун «Динамо-Минск» футбол клубу Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин менен келишимди токтотту. Бул тууралуу 12-февралда клубдун сайтында жарыяланды.

Маалыматта «Динамо-Минск» Валерий Кичинге кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, карьерасына ийгилик каалаган. Аягында Беларустун командасын колдогон кыргызстандыктарга «Чоң рахмат!» деп кыргыз тилинде ыраазычылык билдирилген.

27 жаштагы Кичин «Динамо-Минск» менен 2019-жылдын июль айында келишим түзгөн болчу. Андан бери коргоочу катары 13 оюнга катышты. (SE)

XS
SM
MD
LG