Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:11

Транспорт министринин орун басары Ногойбаев пара берүүгө шек саналып кармалды


Транспорт министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевди кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Транспорт министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевди кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстандын транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана министрликке караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерине 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты.

Аталган кызмат тараткан маалыматта кармалгандардын аты-жөнү “Н.Ж” жана "Б.А" деп көрсөтүлгөн.

Ал эми Транспорт министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ээлеген кызматы боюнча Жеңишбек Ногойбаев жана Анарбек Бекмуратовдун аты-жөнүнө туура келет.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары коопсуздук кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталган министрликтин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берип жатканда колго түшкөн.

Ошол эле күнү бул ишке Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов да катышы бар экени аныкталып кармалган.

Учурда кармалгандар УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды. Бул иш Кылмыш кодексининин 328-беренесинин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды.

Ал эми Транспорт министрлигинин жетекчилиги комментарий бере элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG