Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Дональд Лу: АКШ Кыргызстанга киргизген визалык чектөөнүн бир эле себеби бар


Дональд Лу.
Дональд Лу.

Кошмо Штаттардын Кыргызстанга карата киргизген визалык чектөөсүнүн бир гана себеби бар. Бул тууралуу 5-февралда «Азаттыктагы» маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди.

Элчи «АКШ коррупцияга байланыштуу визанын айрым түрлөрүн берүүдөн баш тартыптыр», «Транзиттик борборду жаап салганы же сөз эркиндигинин абалы үчүн ушундай кылды» деген божомолдор айтылып жатканын, бирок алар негизсиз экенин белгиледи:

«Мунун баары чындыкка дал келбейт. Буга бир эле себеп бар – Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт чыгарбагандыгы. Эгер Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO – International Civil Aviation Organization) сайтына кирсеңиз же электрондук, же биометрикалык паспорту бар 160 өлкөнүн тизмесин көрөсүз. Электрондук паспорттун ичинде чип болот жана аны жасалма кылып чыгаруу мүмкүн эмес. 160 өлкөдө ошондой паспорт бар, ал эми 30 өлкөдө мындай паспорт бериле элек. Кыргызстан ошол 30 өлкөнүн ичине кирет».

31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Ал тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон. Мекеме заманбап паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштай турганын билдирүүдө. (KR)

XS
SM
MD
LG