Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:25

Роухани: Иран келишимдин алкагында Евробиримдик менен кызматташууга даяр


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Иран эл аралык өзөктүк келишимдин алкагында Европа Биримдиги менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу президент Хасан Роуханиге шилтеме кылып ИСНА маалымат агенттиги билдирди.

Президент дүйшөмбүдө Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелл менен Тегеранда жолугушканда ушундай комментарий берди. Боррел ирандык генерал Касем Сулеймани АКШнын соккусунан курман болгондон кийин Жакынкы Чыгышта курчуп кеткен кырдаалды басаңдатууга аракет кылып Ислам Республикасына барган.

Президентке чейин Брюсселдин өкүлү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен Тегерандын өзөктүк программасынын айланасындагы чыңалууну жөнгө салуунун жолдорун талкуулаган.

Эки жыл мурда АКШ 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Андан соң Вашингтон Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Мындан улам Тегеран макулдашуунун алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруудан акырындан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG