Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Чуулгандуу «КТ Мобайл» компаниясына жаңы директор дайындалды


«Кыргызтелеком» мамлекеттик компаниясынын башкармалыгынын чечими менен 29-январда «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомуна директор болуп Мирлан Кубаталиев дайындалды. Кубаталиев мурда бул компаниянын коммерциялык департаментинин башчысы болуп иштеген. Бул тууралуу улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

Ал маалыматка ылайык, компаниянын мурдагы башчысы Мураталы Жакыпов өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.

2019-жылы май айында өлкөдө чуу жаратып, депутаттык комиссия түзүүгө чейин жеткен «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасына караштуу «КТ Мобайл» оператору август айында ишин баштаганын жарыя кылган. «Салам» деген соода бренди менен иштей баштаган уюк байланыш оператору 15-августтан тартып SIM-карталарды сатыкка чыгарган болчу. Бирок коомчулук бул уюк байланыш операторун жапырт колдоно баштаганы байкалбайт.

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы ноябрь айында мамлекетке караштуу «КТ Мобайл» ишканасы менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялаган. Сынакка «Скай Мобайл» («Билайн» уюк байланыш оператору) жана «Альфа Телеком» («Мегаком» уюк байланыш оператору) компаниялары катышып, соңунда «Альфа Телеком» жеңип чыгат. Анын жыйынтыгы менен «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болмок. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок техникалык маселелерге келгенде эки компаниянын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG