Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

Камактагы саясатчы Жээнбеков сотторго кайрылды


Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков сотторго кайрылды. Ал кайрылуусунда сотторду көз карандысыз жана эрктүү болууга чакырган.

“Ар бир президент бийликке келатканда сот реформасы, адилеттик, эгемен сот системасы жөнүндө убадаларды берет. Бирок алар бийликтен кетээри менен биз коррупциялашкан жана андан көз каранды болгон сот системасын көрөбүз. Урматтуу соттор, көз карандысыз болгула, чечимдерди саясий режимдин көрсөтмөсүсүз кабыл алгыла. Чечимдерди өзүңөрдүн берген антыңарга жана абийириңерге таянып чыгаргыла”, – деп айтылат саясатчынын кайрылуусунда.

Учурда Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып жатат.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн ага чейин ИИМге бир канча жолу суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турат.

XS
SM
MD
LG