Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Мамкаттоо: Орусияда сатылып жаткан кыргыз паспорттору жасалма


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев "Азаттыкка" кабарлады. Айтымында, орусиялык сайттарда Кыргызстандын эски үлгүдөгү ички паспортторун сатып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт:

- Жасалма. Кадимки пластикке сүрөттөрдү тартып, каалаган фамилияны жазып, жасап беришет. Алар кандайдыр бир уурдалган же бизден чыгып кеткен мыйзамдуу паспорттордун бланкы деп түшүнбөө керек.

Адилет Бейшеналиевдин сөзүнө караганда, Орусияда жасалма паспортторду даярдаган шылуундар Кыргызстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн да, арасында Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн да паспортторун даярдап беребиз деп кызмат сунуштаган учурлар жок эмес. Бейшеналиев Мамлекеттик каттоо кызматы андай сайттарга карата чара көрүүсүн өтүнүп, орус бийлигине да улам кайрылып келерин бышыктады.

Орусиялык айрым сайттар Кыргызстандын ички жарандык паспортун 15 миң рублден сатып жатканы тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Кыргызстандын жасалма паспорт маселеси көптөгөн эл аралык чырларда ачыкка чыгып келген. Бир нече жыл мурун Стамбулдан террорчулукка шектелип кармалгандардын жанынан Кыргызстандын 90 паспорту табылган. Былтыр Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү үчүн шектүүлөрдөн да кыргыз паспорту табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG