Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Кытайда коронавирустан өлгөндөр 300 кишиден ашты


Кытайдын Гуандунь провинциясындагы оорукана.
Кытайдын Гуандунь провинциясындагы оорукана.

Кытайдын Ухань шаарынан тараган өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 14 380 кишиге жетти. Бул маалыматты Кытайдын саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Соңку маалыттар боюнча Кытайдан сырткары 25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталды. Алардын көбү Кытайдан келген адамдар же алар менен байланышта болгон кишилер.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу 31-январда эл аралык өзгөчө абал жарыялаган. Бул уюм жарыялаган акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин Эбола жана Зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG