Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Касмалиева: Биз элдин үнүн угуп, президенттин коррупция боюнча чакырыгына жооп берип жатабыз (видео)


Айзада Касмалиева.
Айзада Касмалиева.

31-январда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия парламентте Саймаитинин Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана маалымат каражаттарына жарыяланган башка жагдайлар боюнча жыйын өткөрүп жатат. Ага «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева да катышууда.

Касмалиева депутаттардын суроолоруна жооп берүүнүн алдында журналисттик иликтөөлөрдүн маңызын кыскача түшүндүрүп кетти. Анда Касмалиева «Азаттыктын» жана өнөктөштөрдүн биргелешкен иликтөөлөрү Кыргызстандын бир топ мамлекеттик органдарындагы туташ коррупциянын бетин ачканын белгиледи.

- Чет өлкөлүк ишкер адегенде кыргыз бажысындагы байланыштарын пайдаланып, миллиондоп пара берүү жолу менен ишмердик жүргүзгөн. Бажынын ошол убактагы Оштогу жетекчиси, кийинчерээк төраганын орун басары болгон Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго которулган бир нече миллион долларга башкача түшүндүрмө жок. Акчаны Айеркен Саймаити Абдукадырдын буйругу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» которгонун ырастайт, - деди «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси.

Касмалиева журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жасап жатышканын белгиледи.

- Бийлик, президент ар дайым коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин жана алардын иликтөөлөрү абдан маанилүү экендигин белгилеп, маалымат каражаттарын жардамга чакырып келет. Биз элдин үнүн угуп, президенттин ошол чакырыгына жооп берип жатабыз. Журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жасап жатышат. Урматтуу депутаттар, андан ары ишти аягына чыгаруу бийликтин, силердин колуңарда! - деди Касмалиева.

Ошондой эле ал Финансылык чалгын кызматы Саймаитинин акча адалдоо ишмердигинин натыйжасында Кыргызстандын казынасы 6 млрд. (алты миллиард) сом зыян тартканын өткөн жыйында ырастаганын, бул элдин акчасы ырыскысы экенин түшүндүрдү.

Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 21-январда алгачкы жыйынын өткөргөн. Анда Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Улуттук банктын жана Финансылык чалгын кызматынын маалыматы угулган. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов берген маалыматка ылайык, 2012-2018-жылдардын аралыгында Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Финансылык чалгын кызматына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 18 кат жөнөтүлгөн.

- Анын 14 катында Айеркен Саймаитинин жана «Абдыраз» ишканасынын аты бар. «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин толук изилдөө үчүн 2019-жылдын 29-майында иликтөөдө аты аталгандар боюнча банк документтеринин көчүрмөсүн алыш үчүн «Азаттыкка» кат жазганбыз. Бирок жооп болгон эмес, - деди ал.

Былтыр 13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2014-жылдын 30-июнь күнү эле маалымат берилгенин айтты. Бирок ушул күнгө чейин жооп келген эмес.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG