Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:04

Евробиримдик Брекзитке акыркы макулдукту берди


Европарламенттеги добуш берүүдөн кийинки жагдай. 29-январь, 2020-жыл.
Европарламенттеги добуш берүүдөн кийинки жагдай. 29-январь, 2020-жыл.

Европа Биримдигине кирген мамлекеттер Улуу Британиянын шаркеттен бөлүнүп чыгышына акыркы макулдукту беришти. 27 мамлекеттен Брекзит келишимин жактырган электрондук каттар 30-январда келип түшкөнүн Европа кеңеши ырастады. Бир күн мурда Европарламент Британия уюмдан кандай шартта чыгарын аныктаган бул келишимди дээрлик бир добуштан колдогон.

Эми Британия 31-январда түн жарымында Евробиримдиктен бөлүнүп чыгат. Андан соң 11 айлык өткөөл мезгил башталат. Бул убакыт ичинде Лондон менен Брюссел эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы кандай болоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Еврошаркетке 47 жыл мүчө болгон Британия бул уюмдан бөлүнүп чыккан алгачкы мамлекет болуп калмакчы. 2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон.

XS
SM
MD
LG