Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Жаңы күчтөр партияга бирикти


Солдон оңго карай: Элдар Абакиров, Сейтек Качкынбай жана Жанарбек Акаев.
Солдон оңго карай: Элдар Абакиров, Сейтек Качкынбай жана Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштаган жаш саясатчылар прогрессивдүү жаштардын партиясын түзгөнүн жарыялашты. Партия Бишкекте кеңсесин ачып, алгачкы жолугушуусун Ошто өткөрүүдө. Бул - быйылкы жылы өтө турган парламенттик шайлоого камылгасын ачык баштаган алгачкы партия.

Саясий майданга жаңыдан кошулуп жаткан партиянын курамында депутат Жанарбек Акаев, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров баштаган жаштар бар. Бул тууралуу Акаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында жарыялады:

- Жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Таза, жаңы Кыргызстанды куруу ниети бар жарандарыбыздын баарын бизге кошулууга чакырам, - деди Акаев.

Азырынча аты жарыялана элек партия бет ачарын жакында өткөргөнү жатат. Саясат таануучу Сейтек Качкынбай партия күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышуу камылгасын көрүп жатканын маалымдады. Анын ырасташынча, бул партия мурда эле негизделген. Учурда позициясы шайкеш келген саясатчылар, ишкерлер, активисттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында партиянын съездин өткөрүшөт.

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

- Юстиция министрлигинде мурда эле катталып, иштеп жүргөн партия. Биз ошол партиянын жаңыланган версиясы менен чыгып жатабыз. Шайлоо бул оной-олтоң иш-чара эмес. Ошондуктан биз жакын санаалаштардан, союздаштардан, пикирлештерден куралдык. Арабызда чет өлкөдө иштеп жүргөн ишкер мекендештерибиз, досторубуз бар. Алар каражат жагынан жардам беришет.

Эл саясатта жаңы жүздөрдү көрүүгө зар болуп турганы менен, шайлоо өтө көп каражатты талап кылат. Мындай пикирин билдирген саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев жаштардан куралган бул партиянын артында башка да саясий күчтөр болушу мүмкүн деп эсептейт:

Чолпонбек Сыдыкбаев.
Чолпонбек Сыдыкбаев.

- Албетте, саясатчылардын эл ичиндеги кадыр-баркы - бул алардын көзүр картасы. Бирок үгүт иштери барып эле акчага такалат. Бизде азыр цивилизация эмес, жапайы капитализм күчүнө кирген убак. Буга саясатчылардын эле эмес, шайлоочулардын да кызыкдар катмары бар. Анткени "шайлоо башталса, үйүмдү кайсы бир партияга штаб кылып берип, үгүт иштеринен акча таап калайын" деп отургандар толтура. Мындай шартта материалдык чыгым роль ойнойт.

Ал эми Башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев жаштардын өз алдынча партия түзүп жатканына кубануу эрте деп эсептейт. Ал "Партиянын алып чыккан программасы кандай болот?" деген суроо койду:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Партия кандай программа менен чыгып жатат - ошол маанилүү. Мисалы, "Башкаруу системасы кандай болушу керек, ЕАЭБ менен кандай мамиле кылыш керек, Американын базасын чыгарганыбыз туура болдубу, ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы керекпи, коррупцияга каршы кандай чаралар керек, медицина, билим берүү тармагы, Тажикстан чек арасын кантебиз?" деген сыяктуу маселелерге жаңы партиянын позициясы кандай? Негизи эле партиянын багыты кандай болот? Бул маселелер өтө маанилүү, партиялар өздөрүнүн идеологиялык баалуулуктарынын тегерегинде түзүлүшү керек деген принциптер ишке ашышы керек.

Быйылкы парламенттик шайлоо акыркы 10-15 жылда саясий майданда жигердүүлүгүн көрсөтүп жаткан партиялар кризисте турган убакта өткөнү турат. Мисалы, КСДП азыркы президент Сооронбай Жээнбековду жактагандар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондор болуп экиге бөлүнүп кеткен.

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" жана "Ата Мекен" партияларында да кризистик абал жаралган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков азыркы партиялардын абалы күзүндө өтчү парламенттик шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Бирок ошол эле убакта жаштардын жаңы партиясы да колдоого татышы ыктымал деген ойдо.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Добуш берүү - бул кайсы бир саясатчыга ишенүү менен байланыштуу эмес. Көп учурда жеке кызыкчылыктар болуп кетет. Ал эми азыркы саясаттагы кризистик кырдаалды эске алсак, жаштардын партиясы жеңишке жетиши мүмкүн. Анткени эл кимдир бирөөгө үмүт артып жашашы керек. Ошондуктан элге үмүт бере турган партия болсо, алар сөзсүз колдоого алынат.

Азыркы бийликке ыктаган саясатчылар «Биримдик» партиясын түзүп жатканы жакында эле кабарланган. Бул партиянын курамында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары бар экени айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG