Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Зилалиевдин сот иши создугуп жатышынын себеби айтылды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотто кайра башынан карала баштады. Бул тууралуу 28-январда Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин өкүлү Кадырбек Мараимбеков «Азаттыкка» билдиргенине караганда, буга объективдүү себептер болду.

- Кылмыш ишин кароо созулуп жаткандыгынын себеби - судья алмашты жана айыпталуучу Зилалиевдин жактоочулары келтирген ар кандай өтүнүчтөр каралып жатат, - деди ал.

Башкы прокуратуранын өкүлү кошумчалагандай, 2019-жылдын 29-майында иш Чүй облустук сотунан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кызматтык сапарга жиберилген судья Койлубаевдин өндүрүшүнө келип түшкөн. Ал айыптоонун 42 күбөсүнүн ичинен 26 күбөнү сурап чыкты.

Ошол эле жылдын 26-ноябрында Койлубаевдин сапары соңуна чыккандыктан иш ваканттык судья кызматына жаңы дайындалган Эсенбаевдин өндүрүшүнө өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күнгө карата ал төрт күбөнү сурап бүттү.


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.

Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG