Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 100дөн ашты


Кытайдын вирус адеп катталган Ухань шаарындагы оорукана. 27-январь, 2020-жыл.
Кытайдын вирус адеп катталган Ухань шаарындагы оорукана. 27-январь, 2020-жыл.

Кытайдын бийлиги өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан каза тапкандардын саны 106 кишиге жеткенин билдирди. 28-январга карата 4500дөн ашуун киши коронавирусту жуктуруп алганы ырасталды.

Кытайдан башка 16 өлкөдө баш-аягы 48 адам вакцинасы табыла элек бул илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Алардын дээрлик баары кытайлык туристтер же Кытайга барып келген жарандар. 27-январда Германияда коронавирусту жугузган биринчи адам аныкталды.

Монголия, Түндүк Корея жана Кыргызстан Кытай менен чек араларын убактылуу жабууну чечти. Малайзия Кытайдын коронавирус чыккан провинцияларынан келген туристтерди өз аймагына киргизбей турган болду.

АКШ бийлиги өз жарандарына шашылыш болбосо, Кытайга сапарга чыкпоого чакырды. Канада атуулдарын илдеттин очогу жайгашкан Кытайдын Хубэй провинциясына барбай турууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG