Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

«Талибан»: Газниде АКШнын аскердик учагы кыйрады


Ооган армиясынын өкүлдөрү учак кулаганы айтылган аймакка бара жатышат. 27-январь, 2020-жыл.
Ооган армиясынын өкүлдөрү учак кулаганы айтылган аймакка бара жатышат. 27-январь, 2020-жыл.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы Газни провинциясында жүргүнчү учак эмес, АКШнын аскердик учагы кыйраганын билдирди. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахиддин учак кырсыгы «көптөгөн» америкалык аскерлердин өмүрүн алганын маалымдады. Бирок адатта жоочулар курмандыктардын санын атайын көбөйтүп айтып келет.

АКШнын Борбордук командачылыгынын басма сөз өкүлү, майор Бет Риордан «Талибан» кыймылынын билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок ал ага чейин Кошмо Штаттардын армиясы Ооганстандагы учак кырсыгын иликтеп жатканын билдирген болчу.

Учак кырсыктарына мониторинг жүргүзгөн «Авиация коопсуздугу боюнча түйүн» Ооганстанда америкалык учак кыйраганын жазып жатат.

Буга чейин Газни провинциясынын бийлигинин өкүлдөрү «Ariana Afghan Airlines» аттуу мамлекеттик компаниянын 83 жүргүнчүнү салып бараткан учагы талибдер көзөмөлдөгөн аймакта кырсыктаганын айтып чыгышкан. Бирок аталган компания бул маалыматты четке каккан. Азырынча расмий Кабул кандай учак кулаганы жана жабыркагандар тууралуу толук маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG