Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Давосто мааракелик экономикалык форум башталды


Дүйнөлүк экономикалык форумга нааразы болгондор бул иш-чараны «байлардын шеринеси» деп атап жүрүшөт.
Дүйнөлүк экономикалык форумга нааразы болгондор бул иш-чараны «байлардын шеринеси» деп атап жүрүшөт.

Бүгүн, 21-январда Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун мааракелик 50-жыйыны башталды. Ага Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп баштаган дүйнө лидерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ири ишкерлер чогулду. Эки күндүк форумдун күн тартибине жаңы технологияларды өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү, куралдуу жаңжалдарды жөнгө салуу жана башка маселелер кирген.

Салтка айлангандай, иш-чараны утурлай бир катар уюмдар өз отчётторун чыгарышат. «Оксфам» глобалдык теңсиздикти талдап чыгып, былтыр 2 миң миллиардердин байлыгы дүйнөдөгү 4 миллиард 600 миллион кишинин байлыгынан ашкан деген тыянакка келди. Андан тышкары 22 миллиардер бардык африкалык аялдардыкынан көп байлыкка ээлик кылары аныкталды.

Чириген байлар менен өлбөстүн күнүн көргөн жакырлардын ажырымына нааразы болгон жүздөгөн кишилер форумдун ачылышы болгон күнү Швейцариянын булуң-бурчунан келип, демонстрация өткөрүштү. Алар иш-чараны «байлардын шеринеси» деп атап, сындап келишет.

Жыйынга 117 өлкөдөн 3 миңдей киши катышмакчы. Арасында 50 мамлекеттин жана өкмөттөрдүн жетекчилери бар. Ошондой эле эң бай миллиардерлер – Марк Цукерберг, Жорж Сорос, Билл Гейтс Давоско барарын буга чейин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG