Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Иран өзөктүк келишимди сактап жатканын билдирди


Арак атомдук реактору. 23-декабрь, 2019-жыл.
Арак атомдук реактору. 23-декабрь, 2019-жыл.

Иран айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканы менен 2015-жылкы эл аралык өзөктүк келишимди сактап жатат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аббас Мусави билдирди. 20-январда Тегеранда өткөн басма сөз жыйынында Мусави «"Иран келишимди бузуп жатат" деген Европа өлкөлөрүнүн дооматтары негизсиз», - деди.

Жакында Ислам Республикасы макулдашуудагы шарттарды аткарууга өзүн милдеттүү эмес деп эсептей турганын билдирген. Тегеран жана алты мамлекет кол койгон келишимден АКШ 2018-жылы чыгып кетип, Иранга каршы санкциялардын көбүн калыбына келтирген.

Тегеран болсо өзүнө алган милдеттенмелерди улам чектөөгө киришти.

Өткөн аптада документке кол койгон Германия, Британия жана Франция келишимдин алкагындагы талаштарды чечүү механизмин расмий ишке киргизишкен. Мындай чара Бириккен Улуттар Уюмунун Тегеранга каршы санкцияларды салууга алып келиши ыктымал деп белгилеген европалык өлкөлөр ошол эле маалда Вашингтондун Иранга «максималдуу кысым көргөзүү» саясатына кошулбаганын билдиришти.

Мусави Ирандын мындан аркы кадамдары калган тараптардын аракеттерине, шарттардын өлкө кызыкчылыктарына жооп беришине байланыштуу болорун белгиледи.

Келишим боюнча Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон, бул үчүн эл аралык санкциялар жеңилдетилмек.

Макулдашуудан чыгып жатып, президент Дональд Трамп документке Ирандын баллистикалык ракета программасы кирбей калганын жана бул өлкөнүн чөлкөмдөгү согушкер топторду колдоп жатканын жүйө келтирген.

Тегеран бул дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG