Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштаганын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Курманкуловдун колу-буттары кыймылга келип, өзү тамактана баштады. "Бирок толук айыкканча дарылануу дагы эки жарым айга уланат" деп белгилеген дарыгерлер.

Былтыр август айындагы Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкуловдун дарылануусуна өкмөт тарабынан 1,462 млн сом бөлүнгөн. Ал эми өкмөттүн атайын буйругу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 4,798 млн сом кошумча каралган.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Курманкулов учурда Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарылануусун улантууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өзү сүйлөп, басып калганын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG