Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Бишкек соту «Сапаттын» кызматкерлерин экстрадициялоого каршы болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Сапат» билим берүү мекемесинин эки кызматкери Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди Түркияга өткөрүп берүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчү четке кагылды. Бишкек шаардык соту 15-январда бул маселени карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу алардын жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, соттук териштирүү учурунда адвокаттар чет элдик жарандар качкын макамын сурап, Кыргызстандын миграция кызматына кайрылышканын маалымдашты. Мындан тышкары «Сапаттын» кызматкерлери эгер мекенине кайтарылса, ал жакта өмүрлөрүнө коркунуч келерин, кыйноого кабыларын маалымдашкан.

25-декабрда Башкы прокуратура түрк жарандары Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Түркияга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган. Адвокаттар бул чечимди жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылышкан. 30-декабрда Биринчи май райондук соту түркиялык жарандарды мекенине кайтаруу тууралуу прокуратуранын токтомдорун жокко чыгарган.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишмердигин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү, диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман деп эсептейт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG