Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Баткенде чек ара маселеси боюнча митингге чыккандар тарады


Баткен шаарында митингге чыккандар. 15-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында митингге чыккандар. 15-январь, 2020-жыл.

Баткен шаарында 15-январда митингге чыккан эл тарады. «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы билдиргендей, нааразылык акциясына чыккандар Баткен районунун Көк-Таш айылында 11-январда кармалган төрт кишини бошотууну талап кылышты. Андан тышкары 14-январда кыргыз-тажик өкмөт мүчөлөрү кол койгон протоколдун айрым пункттарына каршы экенин, ал эми чек ара маселесин чечиш үчүн жер алмашууга макул экенин айтышты.

Баткен облустук милициясы төрт адам былтыр 18-декабрда жана быйыл 11-январда кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

15-январда Бишкекте да камакта отурган Зайниди Бердиевди, Улукбек Сапарбаевди, Нурбек Сапарбаевди жана Үсөн Сапарбаевди бошотууну талап кылган акция өттү.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. (MdN)

XS
SM
MD
LG