Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:57

Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси сабалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбеков аёсуз ур-токмокко алынып, облустук ооруканага жаткырылды.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, окуя Түштүк-Чыгыш кичирайонунда 11-январга караган түнү болгон. Ага кылмыштуу топтун «Казак» деген каймана ат менен таанымал мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу такталууда.

- Окуя болгон жерге дароо уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барышкан. Токмоктолгон бала ооруканага түшкөн. Биз «Казакты» декабрда жаш кызды зордуктап койгону үчүн камаганбыз. Аны «үйүңө жеткирип коём» деп уруп-сабап зордуктаган. Биз камагандан кийин сот кайра 8-январда үй камагына чыгарып жибериптир, - деп билдирди Сыдыков.

«Казак» буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жибергени үчүн кармалган. (DU)

XS
SM
MD
LG