Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Иран Тегеранда кулаган учакты кокусунан атып алганын моюнуна алды


Кулаган учактын калдыгы.
Кулаган учактын калдыгы.

Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан аскерлери атып алганын жарыялады. Кырсыкка күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылды.

Мындай билдирүү 11-январда мамлекеттик телеканал аркылуу жасалды. Буга чейин бир нече күн бою Иран бийлиги батыштагы бир катар өлкө башчылары жана эксперттердин 176 адам түшкөн учак ракетадан атылышы мүмкүн деген шек саноону четке кагып келген.

Мамлекеттик телеканал аркылуу жарыяланган билдирүүдө “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда “душмандын объекти” катары жаңылыш кабыл алынганы айтылат. Ал учурда АКШ менен курчуган кырдаалдан улам Иран аскерлери эң жогорку аскердик даярдыкта турганын кошумчалашкан.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф бул кырсык “АКШнын авантюризминен улам жаралган кризис” учурунда орун алганын айтты.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган.

Учактагы 167 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү, жалпысынан 176 адам мерт болгон. Алардын ичинде 82 ирандык, 57 канадалык, 11 украиналык,10 швециялык, 10 ооган, үчтөн Германия жана Британия жарандары болгон.

XS
SM
MD
LG