Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Салянованын инисинин өлүмү боюнча сотто Сегизбаев суракка алынбай калды


Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.
Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы баш прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча жараян өтүп жатат. Анын жүрүшүндө жабырлануучулардын адвокаттары сотко УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди суракка алуу боюнча өтүнүч келтирди. Бул сунушту мамлекеттик айыптоо колдоду. Бирок ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Жабырлануучулар Саляновдун өлүмүнө айыпталгандардын биринин энесин суракка алууну өтүнүшкөн. Ал өтүнүч да четке кагылып, кийинки сот 13-январга белгиленди.

Буга чейин Аида Салянова сотто Абдил Сегизбаевди да сотко чакырып, суроого жооп беришин талап кыларын билдирген. Ал кармалган шектүүлөр УКМК менен байланышы болушу мүмкүн деп шек саналып жатканын айткан.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпы үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, быйыл май айында Бишкекке жеткирилген. Үчүнчү шектүү, орус жараны Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы август айында кармалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG