Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Стамалиева: Президенттик аппарат ачык иштеп жатат


Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Ал коомчулуктагы «президенттик аппарат маалымат берүү жаатында жабык» деген пикирлерге кошулбай турганын билдирди.

- Президенттик аппараттын ишин жабык деп айта албайбыз. Өлкө башчынын басма сөз кызматы аппараттын ишин чагылдырууда көрүнбөгөн иштерди жасап келет. Президенттин алты жылдык ишиндеги узак убакытка мерчемделген ишинин алгачкы жыйынтыктары чыга баштады. Биз сөз эмес, иш менен айткыбыз келет. Ошондуктан коомчулукта айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди эске алабыз, - деди Стамалиева.

Буга чейин маалымат каражаттарында президенттин аппаратынын дарегине сын-пикирлер айтылган болчу.

Бүгүн президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева жана президенттик аппараттын экономика бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы катары жарыяланышы боюнча басма сөз жыйынын өткөрдү. Алар жарыяланган бул демилгелер бири-бирин толуктап турарын айтып, өлкөдө жылы бою бир катар иштер аткарыларын билдиришти. (BkA)

XS
SM
MD
LG