Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Иран «өзөктүк келишимдин» шарттарын аткаруудан баш тартканын жарыялады


Ирандагы уран байыткан заводдордун бири.
Ирандагы уран байыткан заводдордун бири.

Ирандын бийлиги дүйнөдөгү алты держава менен кол коюлган «өзөктүк келишимдин» шарттарын аткарууну баш тартаарын жарыялады. Ошол эле кезде расмий Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык комитет (МАГАТЭ) менен кызматташтыкты улантат.

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалындагы кабарга таянып «Reuters» агенттиги жазып чыкты. Мындай чара АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани Багдадда өлтүрүлгөн соң кабыл алынды.

Тегеран мындан ары 2015-жылы кол коюлган келишимдеги уранды байытуу боюнча талаптарды аткаруу жана бул багыттагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча чектөөнү аткарбай турганын жарыялады.

Иран менен дүйнөнүн алты ири өлкөсү (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия) менен «өзөктүк келишим» деп аталган документке 2015-жылы кол койгон. Ага ылайык, Иран уран байытууну азайтып, бир катар талаптарды аткармак.

2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп бул келишимден чыкканын жарыялап, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Мындай чарага жооп катары Иран бийлиги келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

АКШ менен Ирандын мамилеси 3-январдагы Ирандын тандалма атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулейманинин Кошмо Штаттардын ракеталык соккусунан улам өлтүрүлгөн соң кескин начарлап, чыңалуу күч алды.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөргө «кылмышкер» деп баа берип, аларга «жооп кайтарыла турганын» эскертти.

АКШ генерал Сулейманини Ирак менен Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.

Маркумдун сөөгү 7-январда Иранда, өзү туулуп-өскөн Керман шаарында жерге берилген жатат.

XS
SM
MD
LG