“Азаттык” радиосунун баяндамачысы, публицист Бакытбек Орунбеков мамлекеттик сыйлыкка татыды.
30-декабрда президент кол койгон жарлыкка ылайык ага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам ыйгарылды.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ондогон ишмерлер, белгилүү адамдар мамлекеттик сыйлыктарга татыды.
Орунбеков Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникациялар факультетинин журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусу болуп иштейт. “Азаттык” радиосунда актуалдуу коомдук-саясий темаларды талкуулаган “Арай көз чарай” программасын алып барат. (RK)