Айрым ишкерлер жеңилдетилген насыяларды берүү шарттары өзгөрүп, бир топ татаалдашып, кадимки банктык насыялардан айырмасы болбой калганына даттанышты.
Берилбей калган насыя
Өкмөт 2019-жылы Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында бюджеттен 2 млрд. сом бөлүп, аны аймактардан сунушталган ишкер долбоорлорду каржылоону пландаштырган болчу.
Жалпысынан аймактардан 94 бизнес-долбоор сунушталып, алардын арасынан өкмөткө караштуу түзүлгөн атайын комиссия 30 долбоорду тандап алган. Сынактан утуп чыккан 30 долбоорду каржылоого 538,3 млн. сом бөлүнө турганы жарыяланган болчу. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында өлкөдө кошумча 1451 жумуш орун түзүлө турганы көрсөтүлгөн.
Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарбасы, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттыкты сактоо, кен иштетүү тармактарына багытталган.
Аймактардан сунушталып, сынактан утуп чыккан долбоорлордун арасында Токтогул районундагы "Аселим" тигүү цехи да бар болчу. Анын тигүү өндүрүшүн кеңейтүү долбоору 11 млн. сомго каржылана турганы белгилүү болгон. Бирок бул ишкананын жетекчиси Асел Алымбаева өкмөттүн насыяны жеңилдетилген шарттарда берүү планы өзгөрүп кетип, учурда долбоорду ишке ашыруу үзгүлтүккө учурап жатканын белгиледи:
- Президент өзү келип, күбө болуп кеткен долбоорлор ишке ашпай калып жатса, башкалары тууралуу сөз деле жок. Жеңилдетилген шарттагы насыя аймактардагы ишкер долбоорлорго берилет дегени менен аны алуу аябай эле кыйын экен. Башында анын шарттары башкача болчу. Он жылдык мөөнөткө, эки жылдык кредиттик каникулу менен жана жылдык пайыздык үстөгү 6 пайыз деген болчу. Бирок бул шарттар бара-бара өзгөрүп, насыянын мөөнөтү беш жылга түшүп, үстөк пайызы 8 пайызга чейин жогорулап, анан берилген насыяны күрөө менен камсыздоо талабы киргизилди. Банктар биздин айылдардагы күрөөгө коюла турган кыймылсыз мүлктү аябай эле арзан баалайт экен. Мисалы, мен 11 млн. сом алуу үчүн айылдагы үйлөрдүн жарымынан көбүн күрөөгө коюшум керек экен. Бул жерде шарттарын татаалдаштырып, насыяны эптеп эле бербөөнүн шылтоосу болууда. Ошондуктан биз бул акчаны ала албай жүрөбүз. Себеби бул программанын алкагында чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча жеңилдетилген насыянын шарттары кадимки банктар берген коммерциялык насыялардан айырмасы жок болуп калды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 17-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехинин ишмердиги менен таанышкан. Ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн товар Орусияга экспорттоло турганы боюнча маалымат берилген. Анын өндүрүш көлөмүн чоңойтуу үчүн ишканага жеңилдетилген насыя берүү маселеси чечилип жатканы айтылган болчу.
Татаалдашкан шарттар
Аймактардан сунуштала турган ишкер-долбоорлорду тандоо боюнча өкмөткө караштуу атайын комиссия түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жетектейт. Жакында комиссия чечим кабыл алып, ишкер-долбоорлорду каржылоонун шарттары өзгөртүлгөн. Анткени буга берилген насыялардын кайтарымдуулугун камсыздоо маселеси себеп болгон.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында ишкер долбоорлорду тандоо жана каржылоо милдети коммерциялык банктарга өткөрүлүп берилгенин айтты:
- Насыялардын кайтарымдуулугун биз банктардан талап кылабыз. Бирок банктар "андай болсо, насыялардын кайтарымдуулугун күрөөнү камсыздоо аркылуу гана ишке ашыра алабыз" деген талап коюшту. Ал эми банктар баштапкы шарттар боюнча насыялардын кайтарымдуулугун камсыз кыла албай турганын айтышты. Себеби эртең эле Эсеп палатасы текшерсе, насыялар кайтарылбаса, кылмыш иштери козголуп, ызы-чуу чыгышы мүмкүн. Ошондуктан ошондой насыяларды берүү шарттары өзгөртүлдү. Биз ыйгарым укуктарды банктарга бердик. Алар жерине барып, ишкер долбоордун натыйжалуу иштеп кетүүсүн изилдеп чыгып, күрөөсүн баалап, анан насыяны беришет. Мындан ары өкмөткө караштуу комиссия ошондой долбоорлорду карабайт.
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагындагы жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөтү жана пайыздык коюмдар (ставкалар) боюнча шарттар аймактардагы ишкерлерди колдоого багытталганын айткан. Ошондуктан премьер-министр анын үстөк пайыздары банктардын бизнести өнүктүрүүгө берген насыяларына караганда бир топ төмөн болорун белгилеген.
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев муну аймактардагы чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча алгачкы долбоор катары атаган эле:
- Өткөн жылы аймактарды өнүктүрүүгө мамлекеттик казынадан 2 млрд. сом бөлүп бергенсиңер. Биз аймактардан чакан жана орто ишкердикти колдоо үчүн 30 ишкер-долбоорду тандап алдык. Жакын арада ошол долбоорлорду каржылай баштайбыз.
Былтыр 2019-жылдын башында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында айылдардагы чакан жана орто ишкердикти колдоо үчүн жеңилдетилген шартта насыя берүү маселесин өкмөткө тапшырган болчу.
2020-жылы өкмөт "Кумтөрдөн" түшкөн 4 млрд. сомду да аймактардагы чакан жана орто ишкердикти колдоо долбоорлоруна багыттай турганы пландалган.