Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Казакстанда авиакырсыктын курмандыктарын эскергендер бийликке талап койду


Нур-Султан шаары. Авиакырсыктын курмандыктарын эскергени келгендер.
Нур-Султан шаары. Авиакырсыктын курмандыктарын эскергени келгендер.

Авиакырсыкка байланыштуу Казакстандын Нур-Султан шаарында ондогон адамдар курман болгондорду эскерип куран окуп, бийликке талап коюшту.

Эскерүүгө келгендердин бири бийликтин күнөөсүнөн бир топ кырсыктар болгонун айтып, өкмөттүн отставкасын талап кылды. Ал казак президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, авиакомпаниянын ээсин камакка алууну сурады.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, «Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялады. Кырсыкты иликтөө иштерине Эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү да катышары белгилүү болду.

27-декабрда Нур-Султан шаарына жол тарткан «Bek Air» компаниясына таандык учак таңкы саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыттан соң радардан көрүнбөй калган. Кырсыктан 12 киши өлүп, 47 адам жараат алды. Учак кырсыгына байланыштуу 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Казак өкмөтүнүн маалыматы боюнча, «Bek Air» авиакомпаниясына караштуу кырсыкка кабылган «Fokker-100» үлгүсүндөгү учак 1996-жылы чыгарылган. Мындай учактарды чыгаруу 1997-жылы токтотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG