Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Шыкмаматовдун ордуна мандат Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүлүп берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясында Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 27-декабрда БШК Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты бар болгонуна байланыштуу бул орун Нурбек Сыдыгалиевге берилди.

Сыдыгалиев 46 жашта. Бир нече жыл мурда ал өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG