Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Футболчулар Бишкек мэриясына шарт коёт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада мелдештерге чыгуудан баш тартат. Футболчулар ушундай чечимге келишкенин Футбол федерциясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев билдирди.

Шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, аягына чыкпай турат.

Калаа бийлиги үч жер тилкесин сунуштаган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Маселе 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар грантты башка мамлекеттерге берет.

Шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев депутаттар футбол борборун куруу демилгесин колдой турганын, мэриянын жообун күтүп жатканын билдирди.

Мэрия учурда маселенин юридикалык-техникалык жагын талкуулап жатат.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган. Ага жалпысынан 10 миллион доллар керек. Федерация гранттан тышкары башка булактардан да каражат табыларын айтууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын башында Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган. (GT\SE)

XS
SM
MD
LG