Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Иранда мобилдик интернет чектелди


Тегеранда ноябрь айында өткөн акциядан бир көрүнүш.
Тегеранда ноябрь айында өткөн акциядан бир көрүнүш.

25-декабрда Ирандын бир нече провинциясында мобилдик телефон аркылуу интернет колдонгондор чет өлкөлүк сайттарды ача албай калышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, мындай чектөөгө Ирандын коопсуздук тармагын тескеген жетекчилеринин буйругу себеп болду.

"ILNA" жаңылыктар агенттиги Ирандын Байланыш министрлигиндеги булакка шилтеме кылып жазгандай, мобилдик интернет өлкөнүн Алборз, Күрдстан, Занжан жана Фарс провинцияларында чектелди. Интернет байланышына мониторинг жүргүзгөн "NetBlock" сайты Ирандын аймактарында таңкы саат 6:30дан тарта мобилдик интернет үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Мындай чара Иранда жаңы митингдер өтүшү мүмкүн болуп турган учурда кабыл алынды. Ноябрь айындагы нааразылык акцияларында курман болгондордун жакындары социалдык түйүндөр аркылуу элди 26-декабрда акцияга чыгууга чакырып жатышкан эле.

Өткөн айда Ирандын бийлиги бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү май сатууга чектөө койгондон көп өтпөй ондогон аймактарда бийликке каршы митингдер өткөн. "Amnesty International" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, каршылык акцияларында коопсуздук күчтөрүнүн огунан 300дөн ашуун киши мерт болгон. Бирок расмий Тегеран бул санды ырастабай келет.

XS
SM
MD
LG