Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:10

Гүлжигит Алыкулов жылдын мыкты футболчусу деп табылды


Гүлжигит Алыкулов.
Гүлжигит Алыкулов.

19 жаштагы жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды. Бул наам үчүн Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Эдгард Бернхард ат салышкан. Футболчуга сыйлык Бишкекте өткөн салтанатта тапшырылды.

Кыргызстандын футбол федерациясынын "Football awards-2019" жыл мыктыларын тандоо салтанаты 23-ноябрда Бишекте өтүп, жыл ичинде футбол тармагында ийгилик жараткандарга сыйлыктар ыйгарылды.

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестининге ыйгарылды. “Жылдын мыкты командасы” деп 16 жашка чейинки кыздардын курама командасы табылса, “Мыкты футзал оюнчусу” наамы Максат Алимовго, “Мыкты калыс” наамы Нурдин Букуев менен Сергей Грищенкого ыйгарылды. “Кыргызстандын премьер лигасынын мыкты оюнчусу" деп “Дордой” командасынын жарым коргоочусу Фархад Мусабеков табылды.

Футболдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ысык-Көл облусунун футбол федерациясына “Жылдын мыкты федерациясы” наамы берилди.

2019-жылы Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна катышып, мелдештин 1/8 финалына чыкты.

Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышып жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG