Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Путин Керч көпүрөсү аркылуу Крымга барган поезд каттамын ачты (видео)


Керч көпүрөсүндөгү темир жолю
Керч көпүрөсүндөгү темир жолю

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Орусия менен аннексияланган Крымды байланыштырган, Керч кысыгындагы көпүрө аркылуу өткөн поезддин каттамын ачты. Украинанын президентинин Крымдагы өкүлчүлүгү муну сынга алды. Ошондой эле Путиндин Крым менен Севастополго барганын айыптады.

"Орусиянын бул аракети Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу болуп саналат, Кремль жалпыга маалым принциптерди жана эл аралык укукту сактабаганын көрсөтөт" деп айтылат билдирүүдө.

Керч кысыгына курулган көпүрө автоунаа үчүн былтыр май айында ачылган. Андан кийин жүк ташууга уруксат берилген. Ушул жылдын май айында Путин көпүрөдөгү темир жол мөөнөтүнөн мурда курулуп бүтөт деп убада берген.

Узундугу 19 чакырымды түзгөн көпүрөнүн курулушуна 3,7 миллиард доллар жумшалган. Расмий Киев Москванын бул долбоорун сынга алган. Европа Биримдиги болсо Орусия менен Крымдын ортосундагы көпүрөнү курган компанияларга санкция салган.

XS
SM
MD
LG