Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

Атамбаевдин жансакчысы: Ниязбеков СВД куралынан өлгөн жок


Канат Сагымбаев.
Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан жансакчысы Канат Сагымбаев «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевдин СВД куралынан атылган октон каза тапканын четке какты. Бул тууралуу Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) тараткан билдирүүдө айтылат.

Сагымбаев билдирүүсүндө «СВД куралы үйдүн 3-кабатында болгон. Эмне үчүн 3-кабаттан 2-кабатка чейин бир да тамчы кандын изи жок? 7.62 ЛПС огунан жараат алган адамдын каны кыйла төгүлмөк. Буга чейин жогорудагы адамды 5.45 АК – 74 үлгүсүндөгү куралдан жарадар болгон деп өзүңөр билдирүү тараткан элеңер, эми таптакыр башкача айтып жатасыңар, эмне үчүн?» деген бир нече суроо берген.

Ал Ниязбековдун өлүмү боюнча Атамбаевге жана ага коюлуп жаткан айып негизсиз экенин, «Альфанын» кызматкерине кайсы куралдан ок атылганы боюнча экспертизага аны катыштырбай коюшканын билдирди.

Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы «Альфа» түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековду өлтүрдү деп шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин 18-декабрда расмий билдирген. Атамбаевдин жактоочусу коюлган айыпка макул эмес экенин айткан.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 12-декабрда парламент жыйынында «маркум Ниязбековду өлүмгө алып келген ок Атамбаевдин СВД снайпердик винтовкасынан чыккан. Тергөөнүн негизинде аны ким атканы такталган. Бирок тергөө үчүн айта албайбыз» деген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков 7-8-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурунда ок жеп каза болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG