Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

УКМК Сыргак Кенжебаев боюнча расмий маалымат берди


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сыргак Кенжебаев аттуу жаран "ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн" деген негизде кармалганын расмий билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ал 20-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат билдиргендей, кытай жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү, себеби ал анын 350 миң доллар акчасын алдап алып койгонун айткан.

“Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде катталган. Сотко чейинки өндүрүштө кытай жараны “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына катышып, инвестиция алып келүү үчүн ири кытайлык компаниялардын биринин өкүлү катары Кыргызстанга келгени, сынакка катышууга даярдануу учурунда Кенжебаев менен таанышканы аныкталган. Ал кытайлык инвестордун ишенимине кирип алып, күтүүсүз чыгымдарга байланыштуу деген шылтоо менен 350 миң долларын ээлеп алып, кайтарып бербей жатканы белгилүү болду. Бул акчадан тышкары кошумча дагы 250 миң доллар талап кылганынын анык далилдери бар” деп билдирди УКМК.

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын айтып чыккан.

Ал "Твиттерге" жолдошу Алматы аэропортунан кармалып, Бишкекке алып келингенин жазып, "репрессия уланууда" деп билдирди.

Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жоголгонун маалымдаган. Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге жардам сурап кайрылган.

Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеген. Ал акыркы кезде коомдук-саясий окуялар тууралуу курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү чабал жүрүп жатат деп сындап келе жатат.

Ал жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG