Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Бекназаров: малай тилиндеги 200 сөздү бир айда жаттап алам


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына талапкер Азимбек Бекназаров элчи болуп дайындалса Малайзия менен мамилени жакшыртып, инвестиция тартууну пландап жатканын билдирди. Саясатчы бул үчүн чет тилди билүү маанилүү эмес экенин, бирок малай тилин өздөштүрүүгө аракет кыларын айтты.

- Тилди билүү маанилүү деле эмес. Мамлекеттик тилди билесиңби, Кыргызстанды сүйөсүңбү - ошол маанилүү. Ал эми элчилик ишиндеги эки жүз сөздү 2-5-класстын балдары деле жаттап алат. Малайзияга барсам малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет, - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 17-декабрдагы жабык жыйынында Малайзиядагы элчиликке Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG