Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

ИИМ: жасалма номурлуу машиненин сүрөтүн жарыялаган кызматкерлер иштен айдалды


Интернетке тараган сүрөт.
Интернетке тараган сүрөт.

Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап, алардын бири, «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Ички иштер министрлиги бул сүрөттөрдүн таратылышы боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын «Коопсуз шаар» долбоорундагы мониторинг борборуна карата ички иликтөө жүргүзүп, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана мыйзам бузгандыгы үчүн эки оператор иштен алынды. Милиция бул кызматкерлер маалыматтарды кызматтан сырткары колдонуу максатында бөлөк адамдарга тараткандыгы үчүн иштен кеткенин белгилейт.

Мындан сырткары, алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл кылбагандыгы үчүн мониторинг борборунун төрт кызматкери ар кандай тартиптик жазага тартылды. Учурда бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов 6-декабрда Ички иштер министрлигине жасалма номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган. Мамбетов жеке адамдын маалыматы тууралуу массалык маалымат каражаттарына жалган маалымат таратылганына байланыштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборундагы айрым кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Айрым жергиликтүү сайттар «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мамлекеттик кызматкер экенин жазып чыгышкан. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаанын айдоочусу жөнөкөй жаран экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG