Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынганын ырастады. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында отурат.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле. (BkA)