Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Комиссия: Кой-Таш окуясына Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу


Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келди. Муну комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров 12-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан жыйында ал комиссия Атамбаев президент болуп турган кезинде жасаган кылмыштары үчүн жазаланарын түшүнүп Конституцияны жана мыйзамдарды тоготпой, аймак аралык карама-каршылыкка шыкак берген деп тапканын айтты:

- Ал массалык башаламандык, талап-тоноо менен коштолгон аракеттер аркылуу бийликти күч менен алууну пландаган. 2019-жылдын 7-жана 8-августунда Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев менен анын тарапташтарында.

Комиссия Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) Атамбаевди суракка күч менен алып келүү боюнча иште ката кетиргенине карабастан, алардын ишин мыйзамдуу деп тапты.

Комиссия өз корутундусунда Жогорку Кеңешке Алмазбек Атамбаев мыйзамдарды тоготпой бийликти күч менен басып алууга аракет кылганына жана ага катышкан тарапташтары, депутаттар Ирина Карамушкинага, Мурадыл Мадеминовго, Асел Кодурановага, Карамат Орозовага жана Анвар Артыковго саясий баа берүүнү сунуш кылды.

Ал эми өкмөткө УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерди жоюудагы кетирген кемчиликтери, Атамбаевди суракка алып келүү боюнча тергөөнүн тапшырмасын талаптагыдай аткарбаганы үчүн, ИИМдин кызматкери Кой-Таштагы кырдаалды жөнгө салуудагы аракети талаптагыдай болбогону үчүн алардын иш-аракетине баа берүү сунушталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG