Жарандык активист Умай Арыкова Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) каршы арызданды.
Арыкова 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн «#REакция» аттуу жарандык акцияны КТРК бир тараптуу чагылдырып, ага катышкандарды каралоо мүнөзүндө көрсөтүү даярдаганын айтууда.
- Бул программада Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодексинин бир канча беренелери бузулган. Комиссия буга баа беришин суранам жана КТРК катасын оңдоп, калыс программа даярдап көрсөтүшун талап кылам, - деди Арыкова.
11-декабрда комиссия жыйынга чогулду. Ага Умай Арыкова жана КТРКнын юристи Максат Төлөнов катышты.
Төлөнов «программа бир тараптуу жасалган» дегенге кошулбай турганын, арыздануучунун талаптары жазылган даттануусу менен жетекчилик таанышып чыккан соң жооп беришерин билдирди.
Арыкова ушундай өңүттөгү арызды «Дело №» гезитине каршы да жазган. Басылма буга азырынча жооп бере элек. Комиссия маселени эки жумада карап чыкмакчы.
Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Комиссия 2007-жылдан бери иштейт. Андан бери үч жолу курамы жаңыланган.
Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.
Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Ага саясий күчтөр, партиялар аралашкан эмес.