Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Ооганстандагы чабуул үчүн «Талибан» жоопкерчилик алды


Баграмдагы аскер базасынын жанында турган ооган коопсуздук күчтөрү. 11-декабрь, 2019-жыл.
Баграмдагы аскер базасынын жанында турган ооган коопсуздук күчтөрү. 11-декабрь, 2019-жыл.

11-декабрда АКШнын Баграмдагы негизги аба базасындагы кош жардырууда бир киши өлдү. Ал эми жараат алгандардын саны 90 кишиге жетти, алардын арасында беш грузин жоокери да бар. Бул тууралуу жергиликтүү жетекчилер жана НАТОнун өкүлдөрү билдиришти.

Беш жоокери жараат алганын Грузиянын Коргоо министрлиги да ырастап, алардын жарааты жеңил болгондуктан ооруканага жаткырылбаганын кошумчалады.

Аскердик база жайгашкан Парван провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Вахид Шахкар жардыруудан кийин 30 мүнөттөй атышуу болгонун, кол салгандар базага кирүүгө аракет кылышканын айтты.

Аскердик базадагы кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Мужахид билдирди.

Кош чабуул АКШ Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жанданткандан кийинки учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG