Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Финляндия: дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр кызматка киришти


Санна Марин.
Санна Марин.

Финляндияда жаңы премьер-министр, 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти. Ошентип, Марин дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калды.

Жекшембиде анын талапкерлигин башкаруучу коалициядагы негизги партиясы болгон социал-демократтар жактырышкан.

Ушул кезге чейин транспорт министри болгон Марин саясатка Тампере университетин аяктай электе эле аралаша баштаган. 2012-жылы ошол шаардын кеңешине кирип, бир жылдан кийин жетектеп калган. 2014-жылы Социал-демократтар партиясында төраганын орун басары, 2015-жылы биринчи ирет парламент депутаты болуп шайланган.

Ал «мен буга чейин жооп бергендей эле жооп берейин, мен эч качан жашымды же жынысымды ойлогон эмесмин. Эң башкысы - саясатка келген себептер, шайлоодо Финляндия эли бизге ишеним артканы мени көбүрөк ойлондурат» деп айткан.

Финляндиянын жаңы премьери украин өкмөт башчысы Алексей Гончарук менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан бир жаш кичүү.

Быйыл жазындагы шайлоодон кийин солчул-борборчул коалиция куралып, ага 5 партия кирген. Ошол беш партиянын баарын аялдар жетектешет. Анын ичинен эки партиянын лидерлери премьерден кичүү.

Жаңы кабинетте 12 министрликти аялдар, жетөөнү эркектер жетектешет.

XS
SM
MD
LG