Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Путин Берлинде киши колдуу болгон Хангошвилини теракт боюнча күнөөлөдү


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын Берлин шаарында киши колдуу болгон Зелимхан Хангошвилини «Москвада метродогу жардырууну уюштургандардын бири болгон» деп билдирди. Ал Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттен кийинки басма сөз жыйынында Хангошвилини «мыкаачы, канкор согушкер» катары сыпаттады жана ал издөөдө болгонун айтты. Путин ал катышкан бир акцияда эле 98 адам өлгөнүн маалымдады, бирок ал эмне болгон теракт экенин тактаган жок.

Берлиндин Моабит районунда быйыл 23-августта 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып кетишкен. Кылмышка шектүү Вадим Красиков ошол эле күнү кармалган жана полиция ал Орусиянын жараны экенин билдирген.

Өткөн аптада немис бийлиги Зелимхан Хангошвилинин ишине байланыштуу Орусиянын Германиядагы элчилигинин эки кызматкерин «нон грат персоналары» деп атап, өлкөдөн чыгарган. Анын алдында өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул кылмыш ишин тергей баштаганын билдирген жана ага Москванын тиешеси бар экенин билдирген.

«The Insider» басылмасы жана «Bеllingcat» уюмунун иликтөөчү журналисттери кылмышка шектүүнүн орус атайын кызматтары менен байланышы бар экенин жазып чыгышкан.

Тергөөчүлөр Хангошвилинин өлүмүн анын буга чейинки кызматы менен байланыштырышкан. Ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин антитеррордук бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операцияга катышкан.

XS
SM
MD
LG