Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Путин менен Зеленский «Норманд төрттүгүнө» катышып жатат


Франциянын, Германиянын, Украинанын жана Орусиянын лидерлери Париждеги «Норманд төрттүгүндөгү» жолугушууда. 9-декабрь, 2019-жыл.
Франциянын, Германиянын, Украинанын жана Орусиянын лидерлери Париждеги «Норманд төрттүгүндөгү» жолугушууда. 9-декабрь, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери 13 миңден көп адамдын өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салууга багытталган Париждеги сүйлөшүүгө катышканы келишти.

Елисей сарайына өз-өзүнчө кортеждин коштоосунда келген Путин менен Зеленский алгач Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен өз-өзүнчө жолугушту. Андан кийин Парижде төрт мамлекеттин лидери кеңири жыйынга чогулушту.

Кийин Владимир Путин жана Владимир Зеленский эки тараптуу сүйлөшүү да өткөрмөкчү.

Орусия менен Украинанын президенттери «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушууда 2016-жылдан бери биринчи ирет кездешип жатышат. Бул - быйыл апрелде президенттикке шайланган Владимир Зеленскийдин Путин менен да алгачкы жолугушуусу.

Ал арада француз полициясы Елисей сарайынын алдында Орусия президентинин саясатына каршы акция уюштурган «Femen» аялдар кыймылынын эки мүчөсүн камакка алды. «Путиндин согушун токтотууну» талап кылган эки аялды полиция дароо кармап кетти.

Киевде да миңдеген адам катышкан акция өтүп, анда митингчилер Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана беш «кызыл чектен» өтпөөгө чакырышты.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизишкен. Ошондон тартып Крымдын макамы Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калып келет.

Кремль бардык дооматтарды жокко чыгарып, 2014-жылы Крым боюнча чечимди ошол жерде жашаган эл референдум аркылуу кабыл алган деген жүйөнү карманат.

XS
SM
MD
LG