Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Коррупция боюнча айтып чыккан офицер коркутууга туш болгонун билдирди


Талгат Аланов
Талгат Аланов

Чек ара кызматындагы коррупция боюнча айтып чыккан Талгат Аланов коркутууларга кабылганын билдирди.

Бул тууралуу Аланов “Азаттык” радиосуна өзү кабарлады. Анын айтымында, "Фейсбуктагы" баракчасына жазып жана телефондон белгисиз адамдар чалып “токтот”, “жок болуп кетесин” деген сөздөрдү айтышкан.

- Мен бул боюнча 6-декабрда Башкы прокуратурага кайрылып, мыйзам боюнча чара көрүүгө чакырдым, - деди Аланов.

Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Алановдун айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» чогултуп, кызмат орундары акчага сатыларын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматы офицер айткан маалыматтар чындыкка коошпойт деген билдирүү тараткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG