Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Парламент уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү канааттандырарлык деп тапты (видео)


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы өкмөт жүргүзүп жаткан күрөштү канааттандырарлык деп тапты.

Маселени алгач Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карап, канааттандырарлык деген токтом долбоорун даярдаганын комитет төрайымынын орун басары Искендер Матраимов 5-декабрдагы жыйында билдирди. Аны жыйынга катышкан 75 депутат колдоду.

Депутаттар аткезчиликти талкуулашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:38 0:00


Жыйынга ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышып, 2019-жылдын башынан бери 126 кылмыш иши катталганын, былтыркыга салыштырмалуу 447ге көп экенин айтты. Ошондой эле ал оор кылмыштар көбөйгөнүн белгиледи.

Министр кылмыш иштеринин көбөйүшүнүн себебин жаңы кодекстерге ылайык мурда токтотулган кылмыш иштери да кайрадан карала баштаганы менен түшүндүрдү.

Расмий маалыматтарга ылайык, ички иштер органдары жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсүн кармаган.

Бишкекте быйыл октябрда эки ишкер киши колдуу болгон. Алардын өлүмүнө уюшкан кылмыштуу топтун тиешеси бар экени айтылган.

Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын айтып, чабал иши үчүн өкмөттүн ишин сынга алган. (SE)

XS
SM
MD
LG