Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Кумтөрдөгү кырдаалга байланыштуу атайын штаб түзүлдү


Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды).
Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды).

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 64, ишкананын өзүнүн 24 кызматкери, жалпы жонунан 92 куткаруучу издеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, куткаруучулар түн ичинде да издөө иштерин токтотушкан жок.

Кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча атайын штаб түзүлүп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдө көчүп түшкөн топурак бир нече автоунааны басып калганын көрүүгө болот.

Кендеги көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда жүргөн. Жумушчулардын ичинен экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болууда.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет. (BTo)

XS
SM
MD
LG